Россиядагы МГИМОго окугусу келгендер 12-апрелден тартып документтерин тапшыра алышат
RU

Россиядагы МГИМОго окугусу келгендер 12-апрелден тартып документтерин тапшыра алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (КР ТИМ) 2021-2022-окуу жылдарына карата Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО) 2021-жылдын 12-апрелинен тартып 14-майына чейин бакалавриат жана магистратура программалары боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.

Конкурстук тандоого Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алат. Абитуриент бир окуу багытына гана документтерин тапшыра алат.

МГИМОго КР ТИМ сунуш кылган талапкерлер, Москва шаарына келери менен ЖОЖдун эрежелерине ылайык, орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт.

МГИМОго конкурстук тандоонун эрежелери менен КР ТИМ сайтынан mfa.gov.kg жана КРнын ТИМнин Дипломатиялык академиясынын сайтынан dipacademy.kg таанышууга болот.

Конкурска катышууга каттоо жана документтерди тапшыруу онлайн режиминде КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтында жүргүзүлөт - dipacademy.kg

БАКАЛАВРИАТ
ФакультетБагытЖРТОрундардын саны
1.Эл аралык мамилелерЭл аралык мамилелерНегизги тест, тарых жана англис тил боюнча предметтик ЖРТ тести2
2.Эл аралык экономикалык мамилелерЭкономикаНегизги тест, англис тили жана математика боюнча предметтик ЖРТ тести2
3.Эл аралык - укуктукЮриспруденцияНегизги тест, тарых жана англис тили боюнча предметтик ЖРТ тести1
4.Эл аралык журналистикаЧет элдик аймак таанууНегизги тест, тарых жана англис тил боюнча предметтик ЖРТ тести1
Жалпы6
МАГИСТРАТУРА
БагытОрундардын саны
1Эл аралык мамилелер1
2Юриспруденция1
Жалпы2

Байланышуу тел: 0(312) 62 15 23, 62 02 83, 66 01 85

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1133