Америкадагы түрмөдө курт-кумурскалар соттолуучуну тирүүлөй жеп салышкан
RU

Америкадагы түрмөдө курт-кумурскалар соттолуучуну тирүүлөй жеп салышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын Атланта шаарында (Джорджия) камакта жаткан Лешон Томпсон көптөгөн курт-кумурскалардын чакканынан каза болду деп жазат Washington Post гезити.

Басылманын маалыматы боюнча, окуя 2022-жылдын сентябрында болгон, бирок ал тууралуу маалымат америкалык ЖМКларда эми гана пайда болгон.

Томпсон өткөн жылдын июнь айында "ур-токмокко алуу" деген айып менен камакка алынган. Ал каза болгон учурда Атлантадагы Фултон округунун түрмөсүндө болгон. Ал сотко чейинки айыптоонун чечими үчүн Алабама штатынын түрмөсүнө которулууну күтүп жаткан.

Басылманын түрмөнүн отчётуна таянып жазган маалымтына караганда, Томпсондун бети, денесинин териси сыйрылып, жаракат алган. Жаза өтөө мекемесинин кызматкерлери абактагы адамды эсине келтире алышкан эмес.

Отчётто офицерлер Томпсонду эс-учун жоготкон абалда тапканда камеранын ичи топурак жана бит менен капталганы айтылат.

Томпсондун жактоочусу Майкл Харпердин айтымында, түрмө кызматкерлери бир кишини өлгөнчө камерага таштап коюшкан. Анын айтымында, жактаган адамын курт-кумурскалар "тирүүлөй жеп кеткен". Ал абактагы адамдын ден соолугу жакшы экенин жана физикалык оорусу болбогонун белгиледи.

Окуяга байланыштуу маркумдун үй-бүлөсү сотко кайрылуу ниетинде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11617