Газ жарылып, күйүк алган медайым. Министр анын операциясына акчалай жардам берди
RU

Газ жарылып, күйүк алган медайым. Министр анын операциясына акчалай жардам берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир жыл мурда жолдошу экөө унаада күйүп кетип, денесинин көпчүлүк бөлүгү жабыркаган Ырыскүл аттуу медайым тагдыры тууралуу SUPERTV телеканалына маек берген. Ал кырсыктан кийин жолдошу таштап кеткенин, элге, кошуналарына чыгуудан тартынып калганын айткан.

Бул маалыматтан кийин саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова күйүк алган медайым Ырыскүл Съездбек кызы менен жолугушту.

Министр медайым менен баарлашып, операцияны кайда жасай турганын тактап, Саламаттыкты сактоо министрлиги колдоо көрсөтүп, дарыланууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Гүлнара Баатырова борбордук аппараттын жамаатынын жана республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин атынан Ырыскүлгө операция үчүн акчалай жардам берип, сакайып кетишине тилектиштигин билдирип узатты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11632