ӨКМ: Нарын облусундагы коопту аймактар каралды
RU

ӨКМ: Нарын облусундагы коопту аймактар каралды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2020-жылдын 11-12 декабрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Нарын облусунадагы кооптуу аймактарды жеринен кыдырып, табигый кырсыктардын алдын алуу багытында, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн иш сапарда болду. Мындай маалыматты ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Кочкор районунун Теңдик айылындагы жер алдындагы суулардын деңгээлинин жогорулоосу, турак-жайларга тийгизген терс таасирлеринин кесепеттери менен жеринде таанышты. Андан соң министрликтин 2021-жылдагы "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" мерчемине сунушталган Төлөк айылынын Боз участкасындагы сел алып өтүүчү каналынын абалын карап чыкты.

Мындан тышкары, министрдин орун басары төмөнкү коопту делген обьектилерде болду:

- Нарын шаарынын Ак-коргон, Чыргайлуу, Көлмө, Үнкүр, коктуларындагы сел түшүүчү кооптуу аймакта;

- Чаек айылынын Май-Кокту, Кашка-Терек, Чукур коктуларынан күтүлүүчү сел коркунучу бар аймактарда;

- Миң-Куш айыл аймагындагы жайгашкан калдык сактоочу жайларда болду.

Ошондой эле У.Шамырканов Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын Чолок-Терек участкасындагы министрликтин "Сел, суу ташкындарынан коргоо" агенттигинин балансында турган коргоочу курулманын абалы менен жеринен таанышып чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/116