Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолуна таш түштү. Жол убактылуу жабык
RU

Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолуна таш түштү. Жол убактылуу жабык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолуна зоо таштары түшүп, жол жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 22-апрелде түнкү саат 2:00 чамасында зоо таштары кулаган.

Бактыга жараша, жабыр тарткан жарандар жок. Кырсыктын кесепетинен чоң чыңалуудагы электр чубалгылары үзүлгөн. Учурда №26 жол тейлө ишканасынын 1 жүктөгүчү, 1 бульдозери тартылган.

Унаа жолго чектөөлөр киргизилип, жолду ачуу иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11763