Кыргызстанда сүт палатасы түзүлөт. Тилек Токтогазиев анын милдеттерин айтып берди
RU

Кыргызстанда сүт палатасы түзүлөт. Тилек Токтогазиев анын милдеттерин айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде өлкөнүн сүт палатасын түзүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу айыл-чарба министрлигинин басма-сөз кызматы маалымдады.

Палатаны түзүү боюнча демилгелүү топтун курамына сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери, фермерлер жана министрликтин тиешелүү адистери кирген.

Министр Тилек Токтогазиев "Сүт палатасы инфраструктураны өнүктүрүү, ачык-айкын инвестициялык климатты түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча көптөгөн артыкчылыктуу функцияларга ээ болот. Ар бир тармактын өзүнүн адистери бар, тармакты өнүктүрүү жана өзүнүн саясатын жүргүзүү үчүн ассоциацияларды түзүп, олуттуу маселелерди чече алышат. Сүт палатасы ушундай ийгиликтүү мисал болуп калат", - деди ал.

Сүт палатасынын ишмердүүлүгүнүн алкагында сүт өндүрүүнү кеңейтүү, айыл жеринде сүттү кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу, жеңилдетилген насыяларды берүү, сүттүн баасын турукташтыруу, сүттү экспорттоо ж.б.у.с. маселелер көтөрүлөт.

Жыл аягына чейин тиешелүү органдар менен сүт палатасын расмий каттоодон өткөрүү жол-жобосун аяктоо долбоорлонууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/117