Садыр Жапаров ене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
RU

Садыр Жапаров ене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери!

Учурдагы татаал жагдайга жана жетишсиз инфратүзүмгө карабастан, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө салым кошуп жатканыңыздар үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем.

Албетте, биз спортчуларыбызга эл аралык спорттук аренада жеңишке жетишүүсү үчүн зарыл шарттарды түзөбүз. Дене тарбиянын жана спорттун мамлекетти өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгүн жакшы түшүнөм, ошол себептен менин биринчи Жарлыгым инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө болду. Сергек жашоо мүнөзүн жана дене тарбияны пропагандалоо иштерин жүргүзүп жаткан коомдук институттарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү, дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу, массалык жана кесиптик спортту өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп калат.

Дагы бир жолу сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге ден соолук, бакубат жашоо жана жаңы ийгиликтерди каалайм!", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1180