Россиянын агрессиясы белгиленген. Кыргызстан БУУнун резолюциясына добуш берүүдөн карманды
RU

Россиянын агрессиясы белгиленген. Кыргызстан БУУнун резолюциясына добуш берүүдөн карманды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 26-апрелде БУУ менен Европа Кеңешинин кызматташтыгы боюнча резолюция кабыл алды. Анда Россиянын Украинага каршы агрессиясы айтылат.

Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Россия резолюцияда Украинага каршы агрессия тууралуу сөздү алып салууну каалаганын, бирок документ 122 добуш менен кабыл алынганын билдирди.

Резолюцияны Казакстан, Кытай жана Түркия да колдоду. Ал эми Россия, Беларусь, Никарагуа, Сирия жана Түндүк Корея каршы чыккан.

Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка 15 өлкө калыстыгын билдирген.

Резолюцияда Россиянын агрессиясы жөнүндө төмөнкүлөр айтылган:

"…Россия Федерациясынын Украинага, ага чейин Грузияга каршы агрессиясынан жана Европа Кеңешиндеги мүчөлүгү токтотулгандан кийин Бириккен Улуттар Уюму менен Европа Кеңешинин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнү талап кылаарын эске алып, атап айтканда, тынчтыкты тез калыбына келтирүү жана сактоо үчүн ар кайсы мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана саясий көз карандысыздыгын урматтоого негизделген коопсуздук, согуштук аракеттер учурунда адам укуктарынын жана эл аралык гуманитардык укуктун сакталышын камсыз кылуу, жабыр тарткандарга компенсация төлөп берүү жана эл аралык укукту бузгандыгы үчүн бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу..."

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11961