Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу футбол союзу менен келишим түздү
RU

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу футбол союзу менен келишим түздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол союзу менен улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин ортосунда келишимге кол коюлду. Бул туурасында бүгүн, 2-майда Дене тарбия жана департаментинен маалымдашты.

Белгилүү болгондой, келишимдин мөөнөтү 2024-жылдын 30-июнуна чейин эсептелген.

"Мага болгон ишеним үчүн Кыргыз футболдук союзунун президентине ыраазычылык билдирем. Бизде чоң пландар бар, бардыгын план боюнча аткарууга аракет кылабыз", - деди словакиялык адис.

"Мындай жогорку квалификациялуу машыктыруучу биз менен мындан ары иштеше турганына кубанычтабыз. Кол коюлган документте Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасын көзөмөлдөй тургандыгы, ал эми машыктыруучулук штабында ага аны менен бирге келген жардамчылары жана ата мекендик адистер жардам берери каралган", - деди футболдук союздун башкы катчысы Нурдин Букуев.

Эске салсак, 4-апрелде Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан расмий кеткени белгилүү болгон.

24-апрелде футболдук союздун аткаруу комитети жыйын өткөрүп, жалпы 30 кишинин талапкерлиги каралган. Анын ичинен 5 талапкер башкы машыктыруучуга ылайык деп танталган. Натыйжада Кыргызстандын футбол союзунун аткаруу комитетинин чечими менен словакиялык адис Штефан Таркович улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп бекиген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11971