Саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн 15 көчмө гемодиализ аппараты алынды
RU

Саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн 15 көчмө гемодиализ аппараты алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикадагы саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн 15 көчмө гемодиализ аппараты сатып алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Белгилүү болгондой, аппараттар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоорунун алкагында алынган.

"Бул медициналык жабдуулар интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмдөрүндө өтө зарыл, бөйрөктүн курч жетишсиздигинде канды токсиндерден жана ашыкча суюктуктан тазалоо үчүн арналган. Сатып алынган жабдуулар 2023-жылы чыгарылган жаңы муундагы көчмө гемодиализ аппараттары", - деп айтылат маалыматта.

Жабдуулар министрликтин бөлүштүрүү планына ылайык, өлкөнүн бардык аймактарындагы негизги медициналык уюмдарына орнотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11988