№6 клиниканын жетекчиси кызматына кайра келди. Эмгек жамааты каршы чыкты
RU

№6 клиниканын жетекчиси кызматына кайра келди. Эмгек жамааты каршы чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №6 стоматологиялык клиниканын башкы дарыгери Асамбаев Т.К. мыйзамсыз жана өзүм билемдик менен өз кызыкчылыгы үчүн башкы дарыгердин орун басары Касымбеков Э.С.ны бүткүл коллективдин эркине каршы кызмат ордунан бошотту. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясынын Call-борборуна аталган клиниканын кызматкерлери билдириришти.

Алардын айтымында, буга чейин текшерүү органдары тарабынан каржылык мыйзам бузуулар аныкталганда Асамбаев Т.К. кызматынан четтетилген. Бирок коллектив аны менен иштешкенге каршы болуп турганына карабай кайра башкы дарыгерлик кызматына келип алган.

"Буга чейин каржылык мыйзам бузуулар үчун Асамбаев кызмат ордунан бошогон. Бирок кандайдыр бир белгиcиз жагдайлар менен кайра кызматка дайындалды. Жалпы кызматкерлер ал менен иштешүүнү каалабайт. Бул маселе коллективдин тынч, өз жумушун аткарууга тоскоолдук жаратып жатат. №6 стоматологиялык клиниканын администрациясы жана жалпы жамааты жетекчи Т.К.Асамбаевге ишеним көрсөтпөй жатканын билдирет", - дешет кызматкерлер.

Kaktus.kg редакциясы №6 стоматологиялык клиниканын башкы дарыгери Таалай Асамбаев менен байланышкан учурда башкы дарыгердин орун басары Касымбеков Э.С.нын тажрыйбасы жок болгон үчүн иштен бошотууга туура келди деп жооп берди.

Ал эми кызмат ордуна кайра дайындалышы боюнча мыйзам бузуу жок деп соттун чечими чыккан үчүн иш ордуна келгенин кошумчалады.

"Мен бир эле жооп айта алам. Орун басардын тажрыйбасы жок болгон үчүн иштен алууга туура келди. Болду. Башка эч нерсе айта албайм. Ал эми менин кайра кызмат ордуна дайындалышым боюнча: соттун чечими мыйзам бузуу аныкталган жок, таза деп чыкты. Ошол үчун кайра ордума кайтып келдим", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12149