Молдова КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан чыкты
RU

Молдова КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Молдова КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан чыгуу процессин баштады. Бул тууралуу 15-майда Молдова парламентинин төрагасы Игорь Гросу брифинг учурунда билдирди. Парламент төрагасы Кишинев уюмга мүчөлүгүн кандай кабыл алып жатканын ачыктады.

"Молдованын бийлиги республиканын "Европалык келечегин камсыз кылуу" үчүн КМШдан чыгууга жоопкерчиликтүү жана чечкиндүү кадамга даяр", - деди Молдова парламентинин төрагасы Игорь Гросу.

Анын айтымында, Киевдин уюмдан иш жүзүндө чыгуусу Молдованы КМШнын башка мүчөлөрүнөн географиялык жактан алыстаткан.

"Парламенттин төрагасы катары эл менен, партиянын өкүлдөрү, президент жана өкмөт менен болгон көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин КМШ Парламенттер аралык ассамблеядан чыгууну чечкенибизди билдирем. Бул биринчи кадам. Өкмөт менен парламенттин деңгээлиндеги башка кадамдарды улантабыз", - деп баса белгиледи ал. Гросу КМШнын түзүмдөрүн өлкө үчүн "пайдасыз" деп атады.

Эске салсак, Молдова буга чейин КМШнын "Мир" телерадиокомпаниясын түзүү боюнча келишимден чыккан. Молдова өкмөтү да Шериктештиктин алкагындагы бир катар келишимдерди денонсациялоо процессин баштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12274