Акыйкатчы кызматына төртүнчү талапкер көрсөтүлдү
RU

Акыйкатчы кызматына төртүнчү талапкер көрсөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын акыйкатчы кызматына Урмат Аралбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул туурасында Kaktus.media сайтына Акыйкатчы институтунан маалымдашты.

Аралбаев Акыйкатчы аппаратынын эксперттик-укуктук иштер бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлейт.

Буга чейин аталган мекеменин эмгек жамаатынын бир бөлүгү Аскат Азарбековдун талапкерлигин көрсөткөн.

Аралбаевди колдогон кызматкерлер Жогорку Кеңештеги "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековго кайрылышкан.

Урмат Сагыналиевич Аралбаев 1981-жылы туулган.

Юридикалык илимдердин кандидаты, жогорку юридикалык билими бар, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси чини бар. 2003-жылдан бери Акыйкатчы аппаратында иштеп, укуктук экспертиза бөлүмүн жетектейт.

Буга чейин "Ишеним" фракциясы Канымбү Карабаеваны талапкер көрсөтсө, экс-депутат Мирлан Жеенчороев талапкер болуудан баш тартканы белгилүү болгон. Ошондой эле "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы башкы прокурордун мурдагы орун басары Жамиля Жаманбаеваны талапкер көрсөткөн. Ал эми Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков да талапкер болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12276