Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосунда биргелешкен документке кол коюлду
RU

Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосунда биргелешкен документке кол коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыга болгон иш сапарынын алкагында Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти, Еврокомиссиянын соода боюнча комиссары Валдис Домбровскис менен жолугушту. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда соода-экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Евробиримдик менен кызматташуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

"Биз Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын өнүгүшүнө кубанычтабыз. Евробиримдик маанилүү соода-экономикалык өнөктөштөрдүн жана негизги инвесторлордун бири", - деди ал.

Өз кезегинде Валдис Домбровскис акыркы жылдарда тараптар ортосундагы сооданын жогорку көрсөткүчүн белгилеп, мындан аркы ар кандай тармактарда кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Кыргызстандын Экономика жана соода министрлиги менен Евробиримдиктин жолугушуусунун соңунда Евробиримдик каржылай турган "Кыргызстанда жашыл экономика" программасынын алкагында биргелешкен документке кол коюлду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12388