Садыр Жапаров II Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынында эмнелерди айтты?
RU

Садыр Жапаров II Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынында эмнелерди айтты?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 24-майда Москвада өткөн II Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчынын форумдагы сөздөрүн президенттин администрациясы жарыялады.

Приоритеттер

Кыргызстандын Биримдиктеги өзгөрүлбөс приоритети – бирикменин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу бөлүгүндө Евразиялык экономикалык комиссиясынын жана ЕАЭБ сотунун ролун күчөтүү экенин белгиледи.

Бул институттар товарларды ташуудагы талаш-тартыштарды ыкчам чечүүгө жөндөмдүү, улуттуктан жогору турган иштиктүү органдар болууга тийиш.

Бул үчүн алар мүчө-мамлекеттер тарабынан ЕАЭБдин укуктарын бузуу фактылары боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүү, мындай бузууларды четтетүүнүн так мөөнөттөрүн белгилөө менен, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттер Биримдиктин алкагындагы чечимдерди аткарбагандыгы жөнүндө ЕАЭБ Сотуна доо арыздарды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.

Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу

Президент Евразиялык экономикалык биримдик экономикалык өнүгүүнүн өз алдынча жана эч кимге көз каранды эмес уюлуна айланып баратканын жана ал тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын керектөөлөрүн өз алдынча канааттандыра аларын белгиледи.

Евразиялык рейтингдик агенттикти түзүү ишкердик субъекттер (Биримдиктин ички рыногунда дагы) дуушар болгон чектөөлөрдү жоюу менен бирге Евразия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн финансылык көз карандысыздыгынын деңгээлин жогорулатып, инвестициялык ишмердүүлүктү активдештирмек.

Бизнестин кызыкчылыктарын коргоо жана аларды мамлекет тарабынан колдоо - ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө приоритеттүү милдет экенине ишенемин билдирди. Ушуга байланыштуу Союзда бизнес-акыйкатчы институтун түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндөгү маселени изилдөө зарыл.

Бизнести жана калкты колдоо

Мүчө-мамлекеттердин калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында алардын экономикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, улуттук экономикаларды комплекстүү модернизациялоо, кооперациялоо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу - Евразиялык экономикалык биримдигинин негизги максаттары экендигине көңүл бурду.

Биздин бирикмеде адам - биздин көңүлүбүздүн борборунда, башкача айтканда, ар бир адам, ар бир жаран кайсы бир мүчө мамлекеттин аймагында жүрбөсүн, өзүн үйүндөгүдөй сезиши керек. Ал эми бул үчүн алардын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу, ишке орношууга, билим алууга, квалификациясын жогорулатууга, саламаттыкты сактоого жана спортко бирдей укуктарды камсыз кылуу зарыл.

"Буга байланыштуу биз ушул жана башка ар түрдүү тармактарда жалпы союздук долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну маанилүү милдет деп көрүп турабыз. Бизнести колдоо жагынан биз баарыбыз улуттук деңгээлде колдоонун ар кандай түрлөрүн жана механизмдерин колдонобуз".

Каржы долбоорлору боюнча

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында президент белгилүү бир каржылоо булагы менен тармактардагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорго финансылык жардам көрсөтүү маселеси карала турганын белгиледи. Бул биргелешкен өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө, инвестициялык өсүштү стимулдаштырууга жана кошумча жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет дейт.

Туруктуу каржылоо булактарынын, анын ичинде импорттук бажы алымдарынын эсебинен түзүлүп жаткан механизмди мындан ары да кеңейтүү керек. Бул инструментти экономиканын башка тармактарында, мисалы, транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүдө, жаңы технологияларды жана инновацияларды киргизүүдө, ошондой эле энергетика тармагында долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн колдонсо болот.

Мамлекет башчысы дагы бир маанилүү аспект - бул зарыл болгон программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн мүчө мамлекеттердин стратегиялык пландоо системаларын интеграциялоону белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Стратегиялык демилгелер боюнча агенттигинин мисалында интеграциялык долбоорлорду даярдоо, аналитикалык колдоо жана каржылоо функцияларын аткарган ЕАЭБдин улуттуктан жогору турган өнүктүрүү институтун түзүү керек деп эсептейт.

Бүткүл евразиялык бизнести консолидациялоочу түзүмдөн турган ЕАЭБ Ишкерлер кеңеши бардык интеграциялык процесстерге жигердүү катышып гана тим болбостон, биздин бизнес чөйрөлөрүбүздүн потенциалын жогорулатуу үчүн зарыл болгон демилгелерди да активдүү көтөрүшү керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12495