Клиникалык тез жардам ооруканасында компьютердик томография борбору ачылды
RU

Клиникалык тез жардам ооруканасында компьютердик томография борбору ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Клиникалык тез жардам ооруканасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында компьютердик томография борбору ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

25-майда Клиникалык тез жардам ооруканасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыковдун, оорукана кызматкерлеринин жана башка ардактуу коноктордун катышуусунда МЖӨ долбоорунун алкагындагы экинчи компьютердик томография борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Министрдин орун басары Улан Садыков белгилегендей, мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарына компьютердик томографиялык аппараттарды орнотуу ар кандай ооруларды аныктоону жана дарылоону кыйла жакшыртат, калкка жеткиликтүү баада жогорку технологиялык медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12521