Анжелика: Үч эски гиганттар мэрдин креслосун талашып жатканы чындыгында уят
RU

Анжелика: Үч эски гиганттар мэрдин креслосун талашып жатканы чындыгында уят

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы жана алып баруучу Анжелика шайлоонун жыйынтыктары боюнча жеке пикирин Instagram баракчасына жазып, бул жеңиш бизге оңойго турган жок, деп билдирген.

Ошол эле учурда ырчы айым мэрдин креслосун талашкан саясатчыларды уяткарды. Ал "эч кимди эске албай, үч эски гиганттар мэрдин креслосун талашып жатканы чындыгында уят", - деп жазган.

Анжелика атаандаш партиялар үчүн күйөрман болгонун жашырган жок. "Ыйман Нуру, Реформа, Бүтүн Кыргызстан негизи өтсө жакшы болмок. Тарапташтар болуп, бизге бут тосууларды жасаса дагы мен алар үчүн дагы камсанагам", - деп колдоо сөздөрүн билдирди.

Эске салсак, 11-апрелде республика боюнча жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөн. Бишкек шаардык кеңештеги 45 орунга 25 саясий партия талапкерлигин койгон. Алдын ала маалыматтар боюнча алты партия өттү. Алар:

  • "Эмгек" - 13,8%.
  • "Ак Бата" - 12,15%.
  • ЭДПК – 10,43%.
  • "Ата-Журт Кыргызстан" - 9,63%.
  • "Ынтымак" - 8,34%.
  • "Биздин Эл" - 7,73%.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1255