БШКнын сессиясына Нурдан Орунтаевдин келишин күткөн депутаттарга мэрдин жообу
RU

БШКнын сессиясына Нурдан Орунтаевдин келишин күткөн депутаттарга мэрдин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-майда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатат, ага борбор калаанын мэриясынын өкүлдөрү да катышууда.

Депутат Жаныбек Асанбеков ("Өнүгүү-Прогресс") мэр Эмилбек Абдыкадыровдон жакында эле "Батуми" кафесин бузуу боюнча айыпталган вице-мэр Нурдан Орунтаевдин сессияга келер, келбесин сурады.

Асанбеков белгилегендей, Орунтаев келип, алардын суроолоруна жооп берсе жакшы болмок.

Калаа башчы вице-мэр Орунтаев келиши керек деп жооп берди.

Эске салсак, 24-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев милиция кызматкерлери жана муниципалитеттин кызматкерлери менен биргеликте Жал кичирайонунда жайгашкан "Батуми" кафесин бузуп салган. Орунтаевдин айтымында, кафе мыйзамсыз курулган. Ал эми мекеменин ээси бардык уруксат кагаздары бар экенин айтууда.

26-майда "Батуми" кафеси бузулгандан кийин Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Ал жайдын чыгымын төлөөгө убада берген.

"Батуми" кафесин бузуу (13 статей)
Нурдан Орунтаев: "Кийин эстелигим Усубалиевдин эстелигинин жанында коюлса деп тилейм"
30 Июнь 2023, 14:12
"Батуми" кафесинин жанындагы башка жайлар дагы бузулабы? Орунтаевдин жообу
30 Май 2023, 19:33
Нурдан Орунтаев кызматтык креслосу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айтты
30 Май 2023, 16:33
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12627