Бажыдагы коррупция. Надира Нарматованын уулу үй камагына чыкты
RU

Бажыдагы коррупция. Надира Нарматованын уулу үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери тарабынан депутат Надира Нарматованын бажы кызматында иштеген баласы май айынын башында кармалган. Бүгүнкү күндө ал үй камагында экени белгилүү болду.

Kaktus.media сайтына Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, УКМКнын тергөөчүсүнүн Н.А.Н`нын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчү 11-майда канааттандырылды. Тагыраагы, Н.А.Н`га карата камакка алуу тууралуу мурда тандалган бөгөт чарасы эч жакка чыкпоого өзгөртүлдү. Учурда ал үй камагында.

Белгилесек, май айында бажыдагы коррупцияга шектелип Кара-Суу районунун бажы кызматкери Н.А.Н. - "Ош" бажы процесстери борборунун бажылык тариздөө тобунун башкы инспектору кармалып, Бишкекке жеткирилген. Биринчи Май райондук сотунда ага карата СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

УКМКдан Кытайдан аткезчилик жол менен товар алып келген деген шек менен бажы кызматкерлери менен ишкерлердин кармалганын билдирген. Алдын ала мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген. Ведомстводон кармалгандардын арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары да бар экенин айтышкан. Кийинчерээк УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кармалгандардын бири башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси экенин тастыктаган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12634