Кыргыз-Россия Славян университетин 30 жыл жетектеген ректору Нифадьев иштен кетти
RU

Кыргыз-Россия Славян университетин 30 жыл жетектеген ректору Нифадьев иштен кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КРСУнун ректору Владимир Нифадьев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өздүк булактар ​​билдирди.

Нифадьев КРСУну 30 жыл башкарган, башкача айтканда, университет түзүлгөн учурдан тартып жетекчилик кызматты аркалап келген.

Жаңы окуу жылынан тарта жогорку окуу жайдын пенсия курагындагы жетекчи кызматтарда иштеген кызматкерлери менен келишим узартылбай турганы белгилүү болду.

Ректорду шайлоо кандайча өтөрүн РФ менен Кыргызстандын Билим берүү министрликтери чечет. Маселе жакынкы аралыкта каралат.

Эл аралык журналистика бөлүмүнүн башчысы Александр Кацев дагы редакцияга жогорудагы себептен улам сентябрдан тарта жеке өзү кызматтан кетип жатканын ырастады.

Кошумча маалымат

Владимир Иванович Нифадьев 1947-жылы 5-апрелде Коми АССРинин Мещура айылында туулган. Мектептен кийин Львов политехникалык университетине тапшырып, Алма-Атага которулуп, 1972-жылы Казак политехникалык институтун бүтүргөн. Кандидаттык диссертациясын Днепропетровскиде, докторлук диссертациясын Москвада жактаган. Анын көптөгөн илимий даражалары жана илимий наамдары бар:

  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998);
  • Эл аралык инженердик академиянын академиги (2000);
  • Россиянын эмгек сиңирген инженери (2000);
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү (академик) (2000);
  • Россиянын Тоо-кен илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү (2000);
  • Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын анык мүчөсү (2001);
  • Украинанын Эл аралык кадр академиясынын ардактуу доктору (2001);
  • Кыргыз Республикасынын Архитектура жана курулуш академиясынын анык мүчөсү (2003).

Нифадьевдин 57 патенти жана 171 илимий эмгеги бар.

Сыйлыктар:

  • Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери;
  • "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги" төш ​​белгиси;
  • Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгы;
  • "Пушкин" медалы (РФ);
  • "Достук" ордени (РФ);
  • "Данакер" ордени (КР);
  • "Ардак" ордени (РФ);
  • III даражадагы Манас ордени (КР).

Нифадьев 1993-жылдан бери Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору. Кошумчалай кетсек, "Кыргызстан Коммерциялык Банкы" ААКтын Директорлор кеңешинин мүчөсү.

Белгилей кетсек, университеттин жаңы жетекчиси шайлоо аркылуу аныкталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12699