"Туугандарыма салам!" Жети жашар Барсбек "Лучше всех" шоусуна катышты
RU

"Туугандарыма салам!" Жети жашар Барсбек "Лучше всех" шоусуна катышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жети жашар Барсбек Аджибаев "Лучше всех" шоусуна катышкан. Көрсөтүү эфирге 13-декабрь күнү, россиялык биринчи каналдан чыккан.

Бала үч жашынан баштап эле архитектурага кызыгат экен. Ал фундамент, кубаттуулук ядросу, чатырлардын түрү тууралуу кеңири маалыматка ээ. Акылдуулугу, тапандыгы менен алып баруучу Максим Галкинди таң калтырды.

Барсбек өзүнүн кыялындагы асман тиреген (небоскреб) имараттын долбоорун да чийип койгон. Анын 3D версиясын жасоого Галкин жардам берди.

Барсбек Москва облусунун Химки районунда, ата-энеси менен жашайт. Бирок алардын туугандарынын көпчүлүгү Кыргызстанда. Программанын соңунда ал Ысык-Көлдөгү туугандарына салам айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/126