Июнда күйүүчү майдын баасы литрине 2-3 сомго кымбатташы мүмкүн
RU

Июнда күйүүчү майдын баасы литрине 2-3 сомго кымбатташы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майга болгон баалар өсүшү мүмкүндүгүн божомолдоду. Июнь айынын ичинде күйүүчү майдын 1 литри 2,5-3 сомго кымбатташы күтүлүп жатат.

Ал арада ассоциациядан бааларды кымбаттатпай кармап туруу жана күтүүсүз өзгөрүүлөргө жол бербөө саясатын улантууну көзөмөлгө аларын кошумчалашты.

Кыргызстан мунайзат продукцияларынын басымдуу бөлүгүн Россиядан ташып келет.

Ассоциация күйүүчү майдын кымбаттатышы мүмкүн болгон бир нече себептерин тизмектеди. Алар:

  • Нефть экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмдары мунайзат өндүрүү көлөмүн кыскартууну талкуулаганы турат, бул дүйнө боюнча нефттин кымбатташына алып келет;
  • Батыш өлкөлөрү орус нефти үчүн эң жогорку бааны киргизгени мунайзат өндүрүүнүн көлөмүн азайтты. Бул мунайзат продукцияларынын өндүрүшүн азайтып, нефтти кайра иштетүүчү заводдордун өздүк бааларынын өсүшүнө алып келди;
  • Кыргызстанга күйүүчү май жеткирген нефтти кайра иштетүүчү көпчүлүк заводдордо пландык ремонт иштери жүргүзүлүп жатат;
  • Кыргызстандын күйүүчү май ташып келүүчүлөрү июнь айы мунайзат менен камсыз кылууда кыйынчылыктарга кабылышууда. Бул Россия-Украина кырдаалына байланыштуу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12728