Караколдо үч жумушчуну устун басып калды. Экөө каза болуп, бирөө реанимацияда
RU

Караколдо үч жумушчуну устун басып калды. Экөө каза болуп, бирөө реанимацияда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-июнда Каракол аэропортунда үч жумушчуну темир устун басып калып, экөө каза болгон. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына маркум Рустам Аманкуловдун агасы Азамат билдирди.

Анын айтымында, окуя саат 15:00 чамасында болгон.

"Мага ошол жерде сүрөтчү болуп иштеген агамдын жубайы телефон чалды, кырсык болуптур, Рустам ооруканада жатат, экөөнү темир устун басып калыптыр, Рустам каза болду. Окуя болгон жерге барсам, кароолчу бар экен, эч нерсени көрсөтүп, түшүндүрүп бере алган жок. Кечээ бир жумушчу келди, жетекчилик өзү бизге келип да койгон жок", - деп ачууланды маркумдун агасы.

Окуя болгон күндүн эртеси маркумдун сөөгү жаткан өлүкканага үч жумушчу жана эки бригадир барган.

"Алардын бири коопсуздукка жооп берерин айтты. Анын айтымында, "камсыздандыруунун кайнатмасын" өздөрү жасашкан. Барып, көргөнүбүздө кайнатуунун изи да жок экен", - деди Азамат.

Рустам Аманкулов курулушта сегиз гана күн иштеген. Ал окуя болгон жерден дароо каза тапкан.

"Жумушчулардын бири [кулаган] конструкцияларды дароо көтөрө албагандарын айтты. Бир аздан кийин кран келип, темир устунду көтөрүптүр. Агам дароо каза болду, бирок ага карабай алар ооруканага алып барышкан", - дейт маркумдун бир тууганы.

Туугандары аларга ишкананын жетекчилеринин эч кимиси келбегенине нааразы.

Кырсыктын кесепетинен эки адам каза болгон: Рустам Аманкулов (44 жашта, үй-бүлөлүү, төрт баласы бар) жана Азамат Байгелдиев.

Эске салсак, учурда саатына 250 жүргүнчүнү кабыл ала турган "Каракол" эл аралык аэропортунун жаңы терминал комплекси курулуп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12794