Жалал-Абадда чайкана өрттөнүп, 2 адам көз жумду
RU

Жалал-Абадда чайкана өрттөнүп, 2 адам көз жумду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда чайкана өрттөнгөнүн ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Өрт Винсовхоз айылынын А.Нураков №1 көчөсүндө жайгашкан чайканадан чыккан.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден үч бөлүм тартылып, саат 02:25те курчоого алынып, саат 05:10 өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Тилсиз жоо эки адамдын өмүрүн алган. Куткаруучулар табылган жансыз денелерди РИИБнүн кызматкерлерине өткөрүп берген.

Учурда кырсыктын себеби такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12820