Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору. Бул уюмдарды тескөө керекпи?
RU

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору. Бул уюмдарды тескөө керекпи?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн жылдын ноябрь айынын башында президенттик аппарат "Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган.

Эскерте кетсек, мыйзам долбооруна ылайык, Башкы прокуратура бейөкмөт уюмдарынын иши, анын документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган максаттарга ылайык келишине контролду күчөтүүнү жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат.

Мыйзам долбоору колдоо тапса, мамлекеттик органдар төмөнкүлөргө укуктуу болот:

  • тескөөчүлөрдүн башкаруу органдарынан бейөкмөт уюмдардын административдик документтерин суроого;
  • мамлекеттик статистика органдарынан, салык органдарынан жана башка мамлекеттик көзөмөл жана контролдоо органдарынан, ошондой эле кредиттик жана башка финансылык уюмдардан коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды суроого жана алууга;
  • коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын өткөргөн иш-чараларга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жөнөтүү;
  • ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте бейөкмөт уюмдарынын, анын ичинде каражаттардын чыгымы жана башка мүлктөрдүн пайдаланылышына анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга ылайык келишине текшерүү жүргүзүү.

Мыйзам бузуулар аныкталган учурда Башкы прокуратура аны жоюу жана жоюу мөөнөтү жөнүндө эскертүү берүүгө укуктуу болот.

Жаңы мыйзамдын эмне кереги бар?

Негиздемеде коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарды түзүүгө жана алардын ишмердүүлүгүнө карата саясий жана укуктук талаптар эселеп көбөйүп жатканы айтылат.

Учурда Кыргызстанда канча бейөкмөт уюм бар экенин тактоо мүмкүн болбой жатканы үчүн. Уюмдардын санын билүү үчүн. Азыркы мыйзам боюнча бейөкмөт уюмдарды каттоо милдеттүү эмес.

Документ коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин ачыктыгын жана маалымдуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыкканы айтылат.

Эмне сунуш кылынып жатат?

Мыйзам долбоору коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдарды түзүүдө мамлекетке контролдук функцияларды берген жоболорду бекитүүнү карайт: өкмөттүк эмес уюм, анын ичинде чет өлкөлүк тескөөчү эмес уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинде милдеттүү түрдөмамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. Каттоодон баш тартуу учурунда министрлик сотко даттанышы мүмкүн.

Мыйзам долбоору "чет элдик өкмөттүк эмес уюмдар" түшүнүгүн жана бул уюмдардын Кыргыз Республикасынын аймагында иш-аракетин ишке ашыруу тартибин ачып берээри жазылган.

Мыйзам бузуулар аныкталган учурда Башкы прокуратура аны жоюу жана жоюу мөөнөтү жөнүндө эскертүү берүүгө укуктуу болот.

Ошону менен бирге мамлекеттик бийлик органдары жана КР жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан өкмөттүк эмес уюмдарга экономикалык колдоо көрсөтүүнү киргизүү пландаштырылууда.

Колдоонун формалары төмөндөгүдөй:

  • кайрымдуулук, билим берүү, маданий жана илимий максаттарда түзүлгөн өкмөттүк эмес уюмдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктык, бажылык жана башка салыктык жеңилдиктерди берүү;
  • коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарын мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалангандыгы үчүн жыйымдардан (толук же жарым-жартылай) бошотууларды берүү;
  • мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө бейөкмөт уюмдар арасында буйрутмаларды жайгаштыруу;
  • социалдык чөйрөдө иштеген өкмөттүк эмес уюмдарга материалдык колдоо көрсөткөн жарандарга жана юридикалык жактарга мыйзамдарга ылайык салыктык жеңилдиктерди берүү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12855