Мыйзамсыз жарнама баннерлер алынат!
RU

Мыйзамсыз жарнама баннерлер алынат!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоо иштерин улантууда.

Алгач атайын бөлүм Дэн-Сяопин проспектиси жана П.Лумумба көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган 52 жарнама конструкциясын алды.

Мындан тышкары, Жибек-Жолу проспектиси боюнча Карпинский көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, К.Баялинов көчөсү жана Ю.Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги 34 жарнама штендери жана 20 баннер алынып салынды.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Силерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңорду өтүнөбүз! Эгерде мыйзамсыз же туура эмес жерге орнотулган объектини көрсөңөр, 0777147493 номерине чалып билдирип коюңуз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/128