Бишкектеги стадиондо Иран Афганистанды 6:1 эсебинде утуп алды
RU

Бишкектеги стадиондо Иран Афганистанды 6:1 эсебинде утуп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 13-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "CAFA Nations Cup 2023" турниринин алкагында Иран менен Афганистандын курама командалары беттешти.

Иран менен Афганистан командаларынын ортосундагы экинчи беттеш 6:1 эсеп менен аяктады. Алгачкы голду 20-мүнөттө ирандык чабуулчу Сердар Азмун киргизди. Бир мүнөттөн кийин экинчи голду ирандык Мехди Тареми киргизди. 28-мүнөттө ал пенальтиден дубль жаратты. Биринчи тайм бүтө электе төртүнчү голду Ализар Жаханбахш киргизди. 52-мүнөттө Мехди Тареми хет-трик жасады. Афганистан киргизген жалгыз гол 57-мүнөттө болду, голдун автору Нур Фаршад болду. Иран курама командасынын алтынчы голун 67-мүнөттө Аббас Асади киргизди.

Эске салсак, Кыргызстан - Иран финалдык беттеши 16-июнда өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12905