Бишкек - Балыкчы поезд каттамы качан жандана турганы белгилүү болду
RU

Бишкек - Балыкчы поезд каттамы качан жандана турганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16-июндан тарта жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө жүргүнчүлөрдү ташуучу Бишкек – Балыкчы поезди каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.

Бишкектен поезд саат 07:40та чыгып, Балыкчыга саат 11:42де келет. Балыкчыдан саат 17:48де жөнөйт, Бишкекке 21:50дө келет.

Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү кайрылууга болот:

0705 076696, (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12906