Москвада 19-жашар кыргызстандык өлтүрүлдү. Анын таанышы шектелүүдө
RU

Москвада 19-жашар кыргызстандык өлтүрүлдү. Анын таанышы шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Delivery Club'дын курьери болуп иштеп жүргөн 19-жашар кыргызстандыктын өлүмүнө, анын таанышы экөөнүн ортосундагы конфликт себепкер болгон. Бул тууралуу ТАСС агенттигине тергөө комитетинин жетекчисинин орун басары Юлия Иванова кабарларды.

Маалыматта, киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду, деп жазылган.

Тамак аш жеткирип берүү менен иш кылган Delivery Club сервиси курьердин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтөт. Мындай маалыматты компаниянын басма-сөз кызматы билдирген.

Эске салсак, Delivery Club'дын курьери болуп иштеп жүргөн кыргызстандык Москванын Ясенево районунда бычакталып, ооруканадан көз жумган. Ал Кыргызстандан Москвага иштеп акча табуу максатында келген. Каза болгон жигит болгону 19 жашта эле.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/130