Стамбулда жоголуп, кайра табылган Жазгүл Бишкекке келди
RU

Стамбулда жоголуп, кайра табылган Жазгүл Бишкекке келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын Стамбул шаарында жоголуп, 10 күндөн кийин табылган кыргызстандык Жазгүл Шамуратова Бишкекке келди. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунан маалымдашты.

"Стамбулда издөөгө алынган мекендешибиз 5-июль түнү апасы менен бирге Стамбул-Бишкек аба каттамы аркылуу Кыргыз Республикасына кайтты", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилесек, Жазгүлдүн дайынсыз болуп, байланышка чыкпай жатканы тууралуу маалымат Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун ыкчам кызматына 24-июнда түшкөн. Апасынын айтымында, кызы Стамбул шаары аркылуу транзит менен Болгарияга бара жаткан. Түркиянын Тышкы иштер министрлигине издөө иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлүп, издөө иштери башталган.

Жазгүл 5-июлда табылып, полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13283