Темировдун жактоочулары журналистти өлкөдөн чыгаруу чечимиy жокко чыгаруу керек дешет
RU

Темировдун жактоочулары журналистти өлкөдөн чыгаруу чечимиy жокко чыгаруу керек дешет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул аптада журналист Болот Темировдун иши боюнча шаардык жана райондук соттордун өкүмүнө кассациялык даттануу Жогорку Сотко жолдонду. Бул тууралуу журналист өзү баракчасында билдирди.

Берилген арызда жактоочулар Замир Жоошев менен Бакыт Афтандил чечимдин мыйзамсыздыгын далилдешүүдө. Алар Темировду толук актап, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин жокко чыгарууну талап кылышууда.

Эске салсак, журналист-иликтөөчү Болот Темиров 2022-жылдын 22-январында баңгизатын мыйзамсыз өндүрүү жана сактоо фактысы боюнча кармалган. Бир күн мурун, 21-январда Болот Темиров "Ташиевдердин кланы" боюнча иликтөөсүн жарыялаган. 20-апрелде Болот Темировго дагы үч кылмыш иши козголгон - Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алуу (эки иш) жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча иш козголгон.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Болот Темиров КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Сатуу максатын көздөбөстөн баңги затын сактоо" жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренеси боюнча акталган. Документтерди жасалмалоо эпизоддору боюнча журналист күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазаланган эмес.

23-ноябрдагы апелляциялык соттук отурумда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бирок шаардык сот Россиянын да, Кыргызстандын да жарандыгын алган Темировду жасалма документ жасаган деген айып менен кошумча жаза катары депортациялоо чечимин чыгарган. Чечим дароо аткарылган. Темировду сот залынан күч менен алып чыгып, аэропортко алып барышып, Москвага жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13293