"Манас" аэропортун капиталы 10 миң рублди түзгөн компанияга беришеби? ААКтын жообу
RU

"Манас" аэропортун капиталы 10 миң рублди түзгөн компанияга беришеби? ААКтын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" аэропорту Татарстандын "Ядран" компаниясына 25 жылга берилет. Алар $100 млн инвестиция салганга даяр. Мындай маалыматты "‎Акчабар" сайты жеке булактарына шилтеме берип жазып чыкты.

Басылма белгилегендей, февраль айында "Манас" аэропортунун төрагасы Бакыт Шаршеев Татарстандан келген "Ядран" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Айрым маалыматтарга ылайык, татарстандык компания стратегиялык объектини башкаруусун 25 жылга алууну сунуштап, ордуна аэропорттун өнүгүүсүнө $100 млн салууну убада кылган. Шаршеев буга макул болуп, учурда тиешелүү документтер даярдалып жаткан имиш.

Бүгүнкү күндө "Манас" аэропортунун негизги акционери мамлекет болуп саналат. Ага 79, 05% акциялар таандык. Ошондуктан стратегиялык объектини өткөрүп берүү чечимин Бакыт Шаршеев жалгыз кабыл алуусу мүмкүн эмес. "Акчабар" ФУГИ (Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду) менен байланышканында, алар бул маалыматты тастыкташкан эмес, ошол эле учурда жокко да чыгарышкан эмес. Бул маселе боюнча 20-апрелде байланышууну суранышкан.

Белгилүү болгондой, аэропортту башкаруу үлүшүнө көптөгөн чет элдик компаниялар аракет кылышкан. Анын үстүнө алардын авиациялык тармакты өнүктүрүү тажрыйбасы кыйла жогору болчу.

"Ядран" компаниясын алып карай турган болсок, анын расмий сайты Yadrangroup.com учурда иштебейт экен. Юридикалык дареги Татарстан Республикасы, Казан шаары, Привольный көчөсү 2, 33а, 2-кеңсе. Негизги иш тармагы финансылык-өндүрүш топторду башкаруу.

Synapsenet.ru сайтындагы маалыматка ылайык, 2016-2018-жылдары компания чыгашага иштеп, таза киреше көргөн эмес. Анын уставдык капиталынын көлөму 10 000 рубль.

"Манас" аэропортун тышкы инвесторлорго өткөрүп берүү аракети эч качан ийгилик менен бүткөн эмес. Анткени "МЭА" ААК бүгүнкү күндө киреше алып келе турган жалгыз мамлекеттик мекемелердин бири.

Аэропорттун басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөдү

"Манас" эл аралык аэропортун Татарстандын инвесторуна тышкы башкарууга өткөрүп берүү жөнүндөгү чындыкка дал келбеген маалымат тууралуу төмөндөгүлөрдү билдиребиз:

Учурда "МЭА" ААКнын жетекчилиги инфраструктуралык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу, аэропорттордун киреше бөлүгүн кеңейтүү, "МЭА" ААКнын түздөн-түз жана кыйыр кирешелерин камсыздоо үчүн жаңы ишмердүүлүктөрдү жогорулатуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Бүгүнкү күндө, кытай, түрк жана ички инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул иш чаралардын чегинде "ЯДРАН" БК ЖЧКсынын жетекчиси И.Салихов менен жолугушуу болуп өттү.

"МЭА" ААКнын Башкы директору Б. Шаршеев инвестицияга муктаж болгон компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берген. Анын ичинен, "Манас" жана "Ош" аэропортторунун эскирген учуу-конуу тилкелерине реконструкция иштерин жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу маселени көтөргөн. Сүйлөшүүлөр таанышуу маалыматтык мүнөздө өткөн.

"Манас" аэропортун тышкы башкарууга өткөрүп берүү маселеси "МЭА" ААКнын жетекчилиги тарабынан каралбайт.

Белгилей кетчү нерсе, "ЯДРАН" БК ЖЧКсынын өкүлдөрү Кыргызстанга өздөрү үчүн рынокту жана инвестициялык ишмердүүлүктү талдоо үчүн келишкен. "МЭА" ААКнын инфраструктурасынан тышкары мобилдик байланыш жана энергетика тармагында кызматташуу жолдорун карап көрүшүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1350