Бишкек шаарынын мэри "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын башкы инженерин кызматтан алды
RU

Бишкек шаарынын мэри "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын башкы инженерин кызматтан алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жолдорду оңдоо боюнча жыйын өткөрүп, анын жыйынтыгында "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын башкы инженери кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ордуна буга чейин шаардык чарба бөлүмүндө жол бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген Шаршеналиев Урматбек Талантбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри кол койду.

Маалым болгондой, жыйындын жыйынтыгында мэр ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине борбор калаанын вице-мэри менен бирдикте "Бишкекасфальтсервис" МИнин жетекчи орун басарларынын ээлеген кызматына ылайыктуулугу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Ички аудит бөлүмүнө 2021-2022-жылдарга аудитордук кортундуда көрсөтүлгөн маселелерди белгиленген тартипте кароо тапшырылды.

Укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмү өз убагында, белгиленген тартипте "Бишкекасфальтсервис" МИнин коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана алдын алуу боюнча иштерин талдап чыгат.

Бишкек шаарынын административдик райондорунун башчыларына "Бишкекасфальтсервис" МИ тарабынан жүргүзүлүп жаткан тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча иштерге муниципалдык администрациялардын тиешелүү адистери тарабынан көзөмөлдүн жетишсиздигин белгилөө, ошондой эле техникалык көзөмөл боюнча адистердин тизмесин Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине окутуу үчүн жөнөтүү тапшырмасы берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13516