Чынгыз Айматовдун жубайы - Мария Айтматова дүйнө салды
RU

Чынгыз Айматовдун жубайы - Мария Айтматова дүйнө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чынгыз Айтматовдун жубайы - Мария Айтматова каза болду. Бул кабарды Ассоль Молдокматова айтты.

Ал бүгүн, 20-апрелде үзүлдү. Чынгыз Айтматовдун үй-музейинен да бул маалыматты тастыкташты. Мария Айтматова ооруканадан көз жумган. Анын жерге берүү зыйнаты качан жана кайсы жерде боло турганы азырынча белгисиз.

Мындан мурун, келини Сабира Айтматова, үй-бүлөсү менен коронавирус жуктурганын жазган болчу.

Мария Айтматова 1942-жылы туулган. Чынгыз Айтматов 2008-жылы каза болгон.

Kaktus.kg Айтматовдордун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1358