Мария Айтматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат
RU

Мария Айтматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-апрелде Чынгыз Айтматовдун үй-музейинде Мария Айтматованы акыркы сапарына узатуу зыйнаты өтүп жатат. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Коштошуу иш чарасы саат 10до башталган. Митинг реквием азыр саат 11де өтүп жатат.

Андан кийин Мария Айтматованын сөөгүн Ала-Арча көрүстөнүнө коюшат. Эске салсак, Чынгыз Айтматов "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган. Экөөнүн эки баласы бар - Ильдар менен Ширин.

Жазуучунун жубайынын каза болгондугу тууралуу кечээ, 20-апрелде белгилүү болгон. Келини Сабира Айтматованын айтымында, алардын үй-бүлөсү коронавирус инфекциясын жугузушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1362