Гүлжигит Алыкулов: "Футболго байкем Манас Алыкулов жетелеп келген"
RU

Гүлжигит Алыкулов: "Футболго байкем Манас Алыкулов жетелеп келген"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.kg редакциясынын "Саясат эле эмес" рубрикасынын кезектеги коногу Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун мурунку оюнчусу Гүлжигит Алыкулов.

Учурда футболчу агенти менен бирге клуб тандап жаткан учуру.

Ал буга чейинки маегинде атасы тууралуу эскерип, ал азыркы ийгиликтерин көрсө - сүйүнмөк эле деп билдирди.

Кезектеги маегинде Гүлжигит Алыкулов футбол дүйнөсүнө кантип аралашып калганы тууралуу айтып берди.

- Менин улуу агам да футбол ойночу. Аны көрүп футболго болгон кызыгуум арткан. Бул каалоомду айтканда байкем Манас Алыкулов мени жетелеп алып "Дордой" академиясына алып барган. Ал жактан менин эң биринчи машыктыруучум Садовский Владимир Мефодьевич тосуп алган. Ошол жактан футбол дүйнөсүнө аралаша баштагам.

Ал жакта мындай болчу: негизги топ бар болчу, ошону менен катар эле акча төлөп футбол үйрөнгөндөр бар эле. Мен акча төлөп ойногон балдардын тобунда болчумун. Негизги топ менен бирге чуркачубуз. Бирок, чуркап бүткөндөн кийин негизги команда машыгуусун улантчу, а бизди жөн эле футбол ойноттуруп койчу.

Эки-үч күндөн кийин балдар менен ойноп жатып, негизги команданын балдары суу ичип, эс алып калышты. Ошол учурда мен биз менен ойноп жаткан балдарды алдап өтүп, гол жасагам. Ошону негизги топтун башкы машыктыруучусу менен оюнчу балдары көрүп калышыптыр. Ошол окуядан кийин негизги кураманын балдары мени "негизги курамга кошуп алалы" деп башкы машыктыруучусуна айтышыптыр. Андан кийин машыктыруучу мени негизги топко кошуп алган.

Бир күнү ал команда Таразга бармай болуп калды. Менин машыктыруучум Владимир Мефодьевич "сен дагы Таразга барасың" деп калды. Ошол сүйүнгөнүмдү азыркыга чейин унутпайм. Аябай кубанычымда чек жок болуп, үйдөгүлөргө сүйүнчүлөгөм. Ал кезде атам бар болчу...

- Негизи эле ар бир футболчунун кыялы Европа клубдарында ойноо да. Бул сиздин дагы кыялдарыңыздын бири. Бул убакыттын аралыгында кайсы клубдар менен сүйлөшүүгө аракет кылып көрдүңүздөр?

- Азыр, эми кайсы клубдар дегенде Бельгия. Европа жак менен сүйлөшүүлөр уланып жатат. Муну менин улуу агам жан агенттерим мага айтышпайт. Алар жакшы сунуш келсе өздөрүнүн шарттарын айтып жатышат. Алар сунуштарды салыштырып анан макулдугумду сурайт да. Азыр мага кайсы клубдар чакырып жатканын ачык айтышпай эле.

- Негизи, өзүңүз кайсы клубда ойногуңуз келет?

- Эми бат эле жакшы клубга өтүп кете албайсың да. Ал үчүн өзүңдү Европанын орточо клубдарында ойноп, көргөзүшүң керек. Ошондо өзүмдү көргөзө алсам, мени жакшы клубдар байкашат. Өзүмдүн кыялымда Европада ойноо.

- Иран менен болгон беттеште башкача жыйынтык көргөзүү үчүн эмне жетишпей калды?

- Алар эки гол жараткандан кийин Мирлан Мурзаев гол киргизди. Ошондо эсеп 2:1 болчу. Биз ошол учурда аларды кысымга ала баштадык. Менде ошол маалда жакшы бир мүмкүнчүлүк болду. Ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланып кетсем эсеп 2:2 болуп, оюндун жыйынтыгы башкача болмок беле деп азыр ойлонуп калам. Бирок Иран өтө күчтүү команда. Ал курама менен ойноо биз үчүн чоң тажрыйба болду. Утулсак дагы жашкы оюн болду деп эсептейм.

- Сиздин эң эсте калган оюнуңуз ким менен, качан болду эле?

- Курама командада бул менин биринчи голум болсо керек. Биринчи оюн Мьянма менен болгон. Кураманын атынан биринчи оюнга Палестина менен болгон оюнга чыккам. Анда 10 мүнөткө чыксам керек. Андан кийин оюн Мьянма менен болуп, негизги курам менен чыккам. Ошондо Алимардон Шүкүров экөөбүз биринчи голдорубузду жаратканбыз.

Ошол оюндан кийин автобуста кетип баратып, телефонумду ачсам whatsApp +100, instagram +100 болуп калыптыр. Анан биринчи каякка кирсем деп ойлонуп, анан Инстаграммга кирдим. Ал жакта башында 5 миңге жетпеген эле катталуучум бар болчу. Кирип карасам эле 10 миңге көтөрүлүп кетиптир. Эртеси 15 миң болуп өсүп баштады. Ошондо аябай шок болгом. Колдоо аябай көп болду.

Кураманын оюну бүткөндөн кийин мен Белоруска баргам. Ал жакка мен Кыргызстандан аябай чоң ишеним алып бардым. Өзүмө болгон ишеним күчөдү. Мени кыргыз элим колдойт турбайбы деген сүйүнүч менен чоң жоопкерчиликти да сездим.

- Гүлжигит Алыкулов өзүн беш жылдан кийин кандай элестетет?

- Кудайым буюрса беш жылдан кийин мен 27ге чыгып калат экенмин. Негизги кыялым: Кыргызстандын курамасы дүйнө биринчилигинде ойносо дейм. Курамада өзүм да ойносом деп максат кылам. Ошондой эле "Чемпиондор лигасында" ойногон клубдардын биринде ойносом дейм. Ал үчүн эмгек жана эмгек керек экенин билем. Буюрса, келечек алдыда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13678