Ат майдандагы тополоң. "Ынтымак" менен "Достуктун" оюнчулары жолугушту
RU

Ат майдандагы тополоң. "Ынтымак" менен "Достуктун" оюнчулары жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 31-августта көк бөрү мелдешинен кийин "Достук" (Ош) жана "Ынтымак" (Талас) командаларынын оюнчулары жолугушту. Социалдык тармактарда Ынтымактын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулунун видео кайрылуусу пайда болду.

Ал оюнчулар достук мамиледе экенин айтып, көк бөрү сүйүүчүлөрдү бөлүнбөөгө чакырды.

"Бизде баары жакшы. Биз "Ынтымак" жана "Достук" командаларынын оюнчулары чогуу отурабыз. Оюн учурунда мушташканыбыз менен, оюндан кийин достордой баарлашабыз, бир туугандардайбыз. Күйөрмандар сабырдуу болууга чакырам, бөлүнбөйлү", - деди ал.

Эске салсак, 31-августта Ош шаарындагы Төлөйкан ипподромунда президенттик көк бөрү боюнча мелдеш өткөн. Финалда "Ынтымак" (Талас) командасы "Достук" (Ош) командасын утуп, бирок калыс менен макул болбогон жергиликтүү көрүүчүлөр оюн талаасына чуркап чыгышып, тополоң башталган. Президент Садыр Жапаров турнирдин ардактуу коногу болгон.

Милиция калысты талаадан алып кетүүгө аргасыз болуп, ал сабалган. Тополоңдун кесепетинен тез жардам унаасы жабыркап, алты адам, анын ичинде бирөө милиция кызматкери жаракат алып, 25 адам милицияга жеткирилген.

Камчыбек Ташиев күнөөлүүлөр жоопко тартыларын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14218