"Аябай кейидик". Равшан Жээнбеков СИЗОдо отурган Адахан Мадумаровго кат жазды
RU

"Аябай кейидик". Равшан Жээнбеков СИЗОдо отурган Адахан Мадумаровго кат жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад маселеси боюнча камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков депутат Адахан Мадумаровго кайрылуу кат жолдоду. Экс-депутат катын соцтармактардагы баракчаларына жарыялады.

Анда Жээнбеков Мадумаровго ден-соолук каалап, саясий туткундардын саламын жолдогон.

"СИЗОдогу Кемпир-Абадчылар сиздин биздей эле мыйзамсыз жана адилетсиз камалганыңызга аябай кейидик. Биз бул мыйзамсыздыкта, куугунтукта баарыбыз биргебиз.

Экинчи жагынан, түрмө Кыргызстандын авторитардык бийлиги жараткан реалдуулук. Биз саясатчылар, активдүү жарандар муну барыбыз билебиз да. Ошондуктан бардык өйдө-ылдыйга даярбыз.

Түрмө күчтүү саясатчыны андан дагы күчтүү кылат. Алсыз, идеясы, чоң максаты жокторду сындырат. Сизди мен күчтүү саясатчы деп билем. Садыр менен Камчы сиздин денеңизди түрмөгө сала алат, бирок сиздин сөзүңүздү, пикириңизди, саясий позицияңызды жана кыяларыңызды сала албайт. Көп жазыңыз, сүйлөңүз, күрөшүңүз.

Биз камактагы Кемпир-Абадчылар саясий күрөштү улантабыз. Мен түрмө убактылуу экенин жакшы билем. Малайзиялык Анвар Ибрагим, африкалык Мандела бизге чоң үлгү. Азыр түрмөдө отурганда барыбыз кандай жаңы эркин Кыргызстан курарыбызды ойлонушубуз керек. Жаңы Кыргызстан курчу убакыт жакындап келатат.

Сизди урматтап, абактагы саясий туткун Р. Джеенбеков", - деп жазылат катта.

Эске салсак, Адахан Мадумаров 2-сентябрда сейилдеп жүргөндө кармалган, ал учурда Адахан Мадумаров уулу менен жүргөн. Анын иши 2009-жылы кол коюлган протоколго байланыштуу.

Адахан Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча айып тагылган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Мадумаров 24-октябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.

Адахан Мадумаровдун кармалышы (11 статей)
Ырчы KG Эльмурат сурактан чыкты
13 Ноябрь 2023, 17:33
Адахан Мадумаров ооруканага жаткырылды
26 Октябрь 2023, 13:25
Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча комиссия түзө алган жок
20 Сентябрь 2023, 11:03
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14281