Каныбек Иманалиев Билим берүү министрлигинин жамааты менен коштошту (видео)
RU

Каныбек Иманалиев Билим берүү министрлигинин жамааты менен коштошту (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-сентябрда Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Социалдык тармактарда анын башкармалыктын кызматкерлерине кайрылуу жасаган видеосу пайда болду.

Иманалиев алар менен иштешүү мүмкүнчүлүгүнө ыраазы экенин билдирди. Ал ошондой эле ишеним көрсөткөн президентке, министрлер кабинетинин башчысына, парламентке жана коомчулукка ыраазычылык айтты.

Билим берүү министри болуп иштеген жарым жылды Иманалиев өмүрүнүн унутулгус барагы деп атады. Ошол эле учурда ал азыр кризисте турган билим берүү тармагын жарым жылда көтөрүү кыйын экенин белгиледи.

Коштошуп жатып, учурда экс-министр ведомствонун кызматкерлерин баштаган ишин улантууга: ЖРТнын орточо баллын жогорулатууга, жалпы республикалык тестирлөө системасын жакшыртууга жана 2025-жылы өтө турган PISA сынагына даярданууга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14305