Ырчы Анжелика сотто Алга Кылычовду жеңип алды
RU

Ырчы Анжелика сотто Алга Кылычовду жеңип алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Анжелика Кайратова Алга Кылычовго (Алмазбек Атамбаевдин тарапташы) каршы сотто жеңип чыкты. Бул тууралуу ырчынын жакточуусу Мукаш Байгелдиев билдирди.

Айтымында, иш Ленин райондук сотунда каралды. Анда кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун (ред.: Дөө Чыңгыз) өлүмүнө ырчыны айыптаган Алга Кылычовду жана 2 адамды сот 10 миң сомго айыпка жыкты.

"Сот Кылычовду буга чейин айткандарын эл алдында төгүндөөгө жана 10 миң сом айып төлөөгө милдеттендирди", - деди ал.

Анжелика Кайратова Кылычовдон өндүрүлгөн акчаны кайрымдуулукка жумшайт.

Ал эми Алга Кылычовдун жактоочусу Жанатбек Гульжигитов соттун чечими менен макул эместигин билдирди.

*****

2022-жылы Алга Кылычов "Дөө Чыӊгыз" (Чынгыз Жумагулов) каймана аттуу кримавторитеттин өлүмүнө Анжеликанын түздөн-түз тиешеси бар" деп өзүнүн Facebook`тагы баракчысы аркылуу айткан. Бул билдирүүдөн кийин Анжелика Кайратова Алга Кылычовду сотко берип, 10 миллион сом доо койгон.

Биринчи соттук отурум 7-декабрга белгиленип, анда эки себептен улам ишти кароо кийинкиге жылдырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14577