Кызамыкка байланыштуу канча мектеп, бала бакча жабылганы белгилүү болду
RU

Кызамыкка байланыштуу канча мектеп, бала бакча жабылганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө кызамык боюнча эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып, уюшкан топтордогу балдар ооруп жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, кызамык оорусуна байланыштуу төмөнкү билим берүү мекемелери карантинге жабылды.

  • Бишкек шаарында 2 жеке менчик бала бакча, 1 жеке менчик мектеп;
  • Каракол шаарындагы 1 мамлекеттик бала бакча;
  • Жалал-Абад шаарындагы 2 орто мектеп.

Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги азырынча маалымат бере элек.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14847