Ташиев сүйлөшүүдөн кайтып келди. Тараптар аскерлерин чыгаруу чечимин кабыл алышыптыр
RU

Ташиев сүйлөшүүдөн кайтып келди. Тараптар аскерлерин чыгаруу чечимин кабыл алышыптыр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эки тараптуу сүйлөшүүдөн кайтып келди. Аны менен бирге Баткен облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, жана Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев барган.

"Нейтралдуу аймакта, Кызыл-Бел көзөмөл пунктунда жолуктук. Тажикстан тараптан УКМКсынын жетекчиси, Согдий облусунун губернатору жана чек ара кызматынын өкүлдөрү болушту. Бүгүн, аскерлерди мамлекеттик чек ара чийининен артка чакыртуу чечимин кабыл алдык. Биз Баткенге, алар да арыраак.

Жакынкы күндөрдө биз сөзсүз чек ара көйгөйлөрүн чечебиз. Демаркация жана делимитация жүргүзүп, дароо тикенек зымдарды тартабыз.

Андан тышкары Тажикстан Ворухка коридор ачып, анлавга электр энергиясын берүүнү суранды. Бирок бул маселе дагы талкууланат.

Мен азырынча бардыгын айтып бере албайм. Прес-релиз даярдайбыз. Жакынкы сааттарда Тажикстан Көк-Таш айылына жол ачат жана Кыргызстандын аймагынан чыгып кетет.

Келечекте, мындай көрүнүш кайталанбаш үчүн комиссия түздүк. Ага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары, чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, УКМКнын Баткен облусу боюнча башчысы анан дагы бир киши кирет. Алар түзүлгөн кырдаалды талкуулашат.

Өрттөнгөн үйлөр, мамлекеттин же тажик тараптын жардамы менен кайра калыбына келтирилет, деп убада берем.

Мен силерге сөз берем, стратегиялык жактан маанилүү деп саналган жерлердин бир метрин да бербейм. Бирок эсиңерде болсун, жер алмашмайын демаркация өткөрүү мүмкүн эмес", - деп Камчыбе Ташиев билдирди.

Ташиев сүйлөгөндөн кийин чогулган жарандар ага бир катар суроолорду берейин дешкен. Бирок, ал элди угуудан баш тартып кетип калды. Андан кийин чогулгандар нааразы болуп, Ташиев тажик тарапка алданып калганын, тажиктер дале биздин жарандарга ок атып жатканын айтышты. Баткен обладминистрациясынын алдына чогулгандар маал-маал менен Ташиевдин эл алдына чыгып суроолорго жооп берүүсүн кыйкырып, талап кылып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1485