Акыйкатчы институту расмий сайты жаңыланганын маалымдап, өзгөчөлүгү тууралуу айтты
RU

Акыйкатчы институту расмий сайты жаңыланганын маалымдап, өзгөчөлүгү тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы институту расмий сайтынын жаңы версиясын  - ombudsman.kg/ ишке киргизди. Жаңы сайт Европа Биримдигинин долбоорунун адистери жана институттун басма сөз кызматы менен биргеликте иштелип чыкты.

Мекемеден билдиришкендей, сайттын дизайны өзгөртүлүп, кабыл алууга жеңил, заманбап жана колдонуучу үчүн ыңгайлуу болуп калды.

Өлкөнүн акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жаңы сайтта жарандардын онлайн-кайрылуусу үчүн мүмкүнчүлүктөр каралганын белгиледи.

"Негизинен сайтта интернет-кабылдама бар, ал жерден арыз берүүчүлөр өздөрүнүн кайрылууларын жөнөтө алышат. Ошондой эле жарандар тигил же бул укуктары бузулган учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги тууралуу көрсөтмөлөр жазылган көптөгөн бөлүмдөр бар.

Калктын аялуу катмарынын укуктары өзүнчө блоктор менен бөлүнгөн. Ар бир блокто укуктар бузулган учурда эмне кылуу керектиги тууралуу, улуттук мыйзамдарга ылайык кимдин кандай укуктары бар экендиги тууралуу кеңири баяндалган", - деп белгиледи акыйкатчы.

  • Сайтта суроо-жооптор рубрикасы да каралган. Анда институттун ишмердиги тууралуу көп берилген суроолорго баардык жоопторду табууга болот дешет мекемеден.
  • Мындан тышкары жаңы сайт мультимедиалык форматта сунушталды. Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маалымат Кыргызстандын интерактивдүү картасында жайгашкан. Мындай  өзгөчөлүк колдонуучу үчүн абдан ыңгайлуу жана жеңил кабыл алынмакчы.
  • Сайттагы маалыматтар үч тилде: кыргыз, англис жана орус тилдеринде жайгаштырылган, ошондой эле көрүүсү начар адамдар үчүн версия да бар.
    

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14907