Кыргызстанда миңге чукул жаш бала инсулин алууга муктаж. Диабеттин алгачкы белгилери
RU

Кыргызстанда миңге чукул жаш бала инсулин алууга муктаж. Диабеттин алгачкы белгилери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында кант диабети эң көп адам каза тапкан оорулардын катарында. Анын кесепетинен дүйнөдө ар бир 10 секунд сайын 1 адам каза болот.

2023-жылга карата Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 75 540 миң бейтап катталган. Алардын ичинен миңге чукул бала кант диабетине кабылган.

Кант диабети менен жабыркаган балдар маал-маалы менен келип, Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун эндокринология бөлүмүндө дарыланып турушат. Бүгүн, 14-ноябрда ал жактагы кичинекей бейтаптарга майрам уюштурулду. Kaktus.kg редакциясы ал майрамга күбө болуп кайтты.

Кант диабети деген эмне?

Кант диабети – бул бир эле оору эмес, бири-бири менен негизги белги – канда кант деңгээлинин жогорулашы аркылуу байланышкан илдеттердин бүтүндөй бир тобу.

Биринчи типке кирген кант диабетинде организм инсулинди такыр иштеп чыгарбай калат. Көп учурда илдеттин бул тиби тез байкалып, оору кескин күчөп кетет. Бул абалда мүмкүн болушунча тез аранын ичинде – симптомдор пайда болгондон кийин бир айдан жарым жылга чейинки убакыт аралыгында дарыгерге кайрылуу зарыл. Биринчи типтеги диабетте дарылоонун башкы ыкмасы – бул бир гана инсулин, башка эч кандай таблеткалар жардам бере албайт.

Экинчи типтеги диабетте организмде инсулин белгилүү бир убакытка чейин болот, бирок организмдин клеткаларынын ага карата сезгичтиги бузулат. Ушул себептүү кишилер канында канттын салыштырмалуу жогорку деңгээли менен жүргөндө деле өздөрүн жакшы сезишет.

Эреже катары, буларга жашап калган адамдар кирет, бирок акыркы жылдарда экинчи типтеги диабетке жаштар да көп чалдыга баштады. Тобокелдик тобуна өспүрүмдөр, айрыкча ашыкча салмактагы, же болбосо тукумунда кант диабети бар балдар киришет.

Диабеттин белгилери кандай?

Кант диабетинин эки тибине тең төмөнкү белгилер мүнөздүү:

  • ашыкча суусоо жана ооздун кургашы,
  • тез-тез заара кылуу,
  • табит жакшы болгон учурда да салмакты тез жоготуу,
  • алсыздык же чарчоо сезими жана тез чарчоо,
  • көздүн тунарышы,
  • жыныстык активдүүлүктүн жана потенциянын төмөндөшү,
  • колу-буттун чымырашы жана сайгылашуусу,
  • буттардын салмактануусу,
  • баш айлануу,
  • жугуштуу оорулардын көпкө созулушу жана жаралардын жай бүтүшү,
  • балтыр булчуңдарынын тырышып калуусу.

2-типтеги диабеттин симптомдору 1-типтеги диабеттики сыяктуу ачык байкалбагандыктан, аны менен жабыркаган бейтаптардын көпчүлүгү узак убакыт бою өздөрүнүн абалдары тууралуу билбей жүрө беришет.

Кыргызстанда кант диабети менен ооруган адамдар үчүн кандай мамлекеттик кепилдиктер каралган?

Мыйзам боюнча, алар төмөнкү укуктарга ээ:

  • мамлекеттик ооруканаларда акысыз дарылануу (амбулатордук жана стационардык). Бир да мамлекеттик клиника мындай бейтаптарды кабыл алуу, текшерүү жана аларга консультация берүү үчүн акча албайт;
  • инсулин жана аны куюу үчүн керектүү каражаттар (шприцтер, ийнелер) менен камсыздоо;
  • акысыз базалык лабораториялык изилдөөлөр – кандын, зааранын жалпы анализдери, кандагы глюкоза, холестерин;
  • инсулинге көз каранды бейтаптар кандагы канттын деңгээлин аныктоо үчүн тилке тесттерди сатып алууда жеңилдетилген рецепттерди ала алышат. 2019-жылдан бери сатуунун ченеми жылына 500 тилке тестти түзөт.
  • 2-типтеги кант диабеттүү бейтаптар 600 таблетка глибенкламид* акысыз алышат, ошондой эле быйылкы жылдан тарта кошумча пакет боюнча метформин* сатып алууда аларга жеңилдиктер бериле баштады. (* – канттын деңгээлин түшүрүүчү препараттар)
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14942