Өзгөндө бычылды деген кишинин абалы жакшырууда
RU

Өзгөндө бычылды деген кишинин абалы жакшырууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөн районунун Куршаб айылында бычылды деген 44 жаштагы кишиге операция жасалган. Бүгүн, 22-ноябрга карата бейтаптын абалы тууралуу Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасынан маалымат беришти.

"Бүгүнкү күнгө карата бейтаптын абалы туруктуу, канааттандырарлык. Күндөн-күнгө жакшырууда. Керектүү жардамдын баары берилип жатат. Азырынча бөлүмдө дарылануусу уланат", - дешти ооруканадан.

Белгилесек, 13-ноябрда саат 22:00 чамасында Куршаб айылынын 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну 44 жаштагы Э.Т. деген айылдашын үйүнө чакырган. Ортодо өз ара пикир келишпестик жаралып, үй ээси айылдашына бычак менен жаракат келтирип, электр мамыга жип менен байлап койгон. 14-ноябрга караган жабырлануучу аймактык ооруканага түшкөн. Ага чукул операция жасалган.

Бул окуядан кийин шектүүнүн жубайы кайрылуу жасап, 5 айдан бери Россияда жүргөнүн, жабырлануучу менен жолдошунун кандай байланышы бар экенин айтып берген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: tsargrad.tv.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14998