Эльвира Сурабалдиева: Жаңы жылдан кийин жогорку окуу жайларды ачабыз
RU

Эльвира Сурабалдиева: Жаңы жылдан кийин жогорку окуу жайларды ачабыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын жогоркуу окуу жайлары Жаңы жылдан кийин офлайн түрүндө окута башташат. Бул тууралуу өзүнүн Twitter'деги аккаунтуна вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жазды.

Бала бакчалар тууралуу чечим учурда каралып жатат. "Эгер массалык түрдө оор оорулууларды, өнөкөт оорусу барларды жана улгайып калган бейтаптарды көтөрө алабызбы, башкы маселе ушунда", - деп жазды вице-премьер.

Эске сала кетсек, Кыргызстандагы мамлекеттик мектептер жана жождор пандемия башталгандан бери дистанттык негизде иштеп жатышат. Муниципалдык бакчалардын да басымдуу бөлүгу жабык.

Экинчи чейректен тартып окуу класстарынын айрымдары гана ачылган. Кыргызстандыктардын көбү эмне үчүн бардык мекемелер жана уюмдар иштеп, мектеп менен жогорку окуу жайлар гана жабык экенине таң калышууда. Кээ бир менчик мектептер офлайн окутуу формасына өтүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14