"Өзүбүз өзгөрүшүбүз керек". Акылбек Жапаров делегациянын Лондонго болгон сапары жөнүндө
RU

"Өзүбүз өзгөрүшүбүз керек". Акылбек Жапаров делегациянын Лондонго болгон сапары жөнүндө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул жылдын ноябрь айынын аягында Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна үч күндүк жумушчу сапары менен барды. Бул Улуу Британия Кыргызстанды тааныгандан берки, башкача айтканда 1992-жылдан тартып биринчи жогорку деңгээлдеги иш сапар болду.

"Иш сапардын жыйынтыгын чыгарып жатып, мен делегациянын башчысы катары ушул үч күндүн ичинде биз бул эл аралык саясаттын глобалдуу оюнчусу менен дипломатиялык мамилелер түзүлгөн учурдан тартып отуз жыл ичинде жасалбаган иштерди жасай алдык деп чоң канааттануу менен айта алам.

Кеп мурунку өкмөттөр бул багытта такыр эле иштегиси келбегенинде эмес. Эл аралык мамилелерде мамлекеттердин ортосундагы ишенимдин жана кызматташтыктын деңгээли кыйла өнүккөн жана күчтүүрөөк тарап менен аныкталат. Бул жагынан алганда, биз Улуу Британиянын Кыргызстанга болгон кызыкчылыгы жалпысынан бүтүндөй Борбор Азияга карата кармануу жана күтүү позициясы менен аныкталганын түшүнүшүбүз керек.

Тарыхый көз караштан айтсак, такыр башка заман, түп-тамырынан бери башкача кырдаал болгон. Бүткүл он тогузунчу жана өткөн кылымдын башында биздин региондо британ таажысы тарыхта "Чоң оюн" деп белгилүү болгон активдүү саясатты жүргүзгөн. Индиядан кетиши менен англичандардын бул жердеги активдүүлүгү тарыхый минимумга жетип, Борбордук Азия алар үчүн дүйнөлүк жагдайда бирдей артыкчылыктардын бири гана болгон.

Албетте, Советтер Союзунун кулашы жана жаңы мамлекеттердин пайда болушу менен бүткүл дүйнөлүк державалар сыяктуу эле Улуу Британия үчүн да Азиянын бардык тарабы менен чектешкен кеңири Борбордук Азиялык региондун келечеги жөнүндө маселе курч турду.

2001-жылы Нью-Йорк мунараларынын кулашы жана анын артынан НАТО күчтөрүнүн Афганистандагы операциясы, баңгитрафик, диний радикализм коркунучу жок дегенде жамааттык Батыштын курамында Улуу Британиянын Борбор Азияга болгон кызыгуусун алдын ала аныктабай койгон жок.

Бардык глобалдык оюнчулар сыяктуу эле, Улуу Британияны да региондун чийки зат потенциалы кызыктырбай койгон жок. Бириккен Королдуктун мунай компаниялары биздин коңшуларыбыздын мунай кендерин иштетүүгө активдүү катыша баштады. Алсак, Казакстан Республикасынын Борбордук банкынын маалыматы боюнча 2021-жылга британ капиталынын өлкөнүн мунай жана газ секторуна түз инвестицияларынын көлөмү 3,5 миллиард АКШ долларын түзгөн. Бирок башка бардык экспорттук көрсөткүчтөр боюнча Англия өзүнүн европалык коңшуларынан олуттуу төмөн болгон. Мындай шарттарда албетте, региондун кыйла чакан экономикаларына олуттуу кызыгуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин өнүгүү динамикасынын жөнөкөй хронологиясы муну толук далилдейт.

Улуу Британия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн 1992-жылдын 20-январында таанып, ошол эле жылдын 12-июнунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн. Ал эми беш жылдан кийин гана Кыргызстандын Улуу Британиядагы биринчи элчиси Лондонго келген.

Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилиги өз ишин 2011-жылдын декабрында баштаган. Буга чейин элчи Казакстанда болгон жана Кыргызстанда жөн гана аккредитацияланган. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси расмий түрдө кызматына 2012-жылдын мартында гана киришкен.

Жогоруда айтылгандардын негизинде кыргыз өкмөттүк делегациясынын ноябрь айындагы иш сапарын эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердеги чыныгы бурулуш деп айтууга болот. Буга иш сапардын өтө жыш графиги жана делегация катышкан иш-чаралар, Улуу Британиянын саясий жана ишкер чөйрөлөрү менен өткөрүлгөн жолугушуулардын деңгээли далил болот.

Мен отуздан ашык жолугушууларды жана иш-чараларды механикалык санабастан, айрымдарын гана белгилей кетейин, бирок алардын ар бири активдери жүздөгөн миллиард долларды түзгөн, финансылык жана бизнес чөйрөдөгү дүйнөлүк лидерлер менен болду. Алар Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри, азыркы тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен жолугушуу, Ариэль Ротшильд айым башында турган "Ротшильд" компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу, Улуу Британиянын Соода өнөр жай жана инвестициялар боюнча мамлекеттик министри Нусрат Гани айым менен жолугушуу, Улуу Британиянын Парламентинин депутаттары менен жолугушуу, "Ротшильд" компаниясынын штаб-квартирасында Лондон Сити ишкер чөйрөсү менен жолугушуу.

Кыргыз делегациясы Улуу Британиянын Парламентиндеги маанилүү минералдар боюнча тегерек столго катышып, "Resources Tomorrow" эл аралык ири конференциясында презентация жасады. "Майнекс Евразия 2023" эл аралык конференциясына катышуу жана чыгып сүйлөө биз үчүн абдан маанилүү болду. Айтмакчы, Кыргызстанда "Minex Eurasia 2024" конференциясын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Улуу Британиядагы кесиптештерибиз менен бирге биз КР мамлекеттик компанияларын Лондон Фондулук Биржасынын листингине чыгаруу, КР финансы системасын Евробонддордун келечектеги чыгарылышына даярдоо боюнча иштерди баштап жатабыз, "Бишкек" ЭЭЗдин базасында англис коммерциялык укугун ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Ошондой эле Кыргызстанда Дата-Борборду OpenAi/ChatGPT ачуу мүмкүнчүлүгүн карайбыз.

Азыр бул сапардын жыйынтыгы жөнүндө ой жүгүрткөндө, биринчи кезекте өзүбүз өзгөрүшүбүз керек деген ой кетпейт. Өз өлкөңдү тартипке келтирүү, өзүңдүн кыргыз мамлекетиңдин мыйзамдары менен жашоого үйрөнүү. Финансылык, бажылык жана салык чөйрөсүн ачык-айкын кылуу. Өлкөгө болгон ишенимдин өсүшү үчүн биз мамлекеттик органдардын ишине ISO башкаруунун эл аралык стандарттарын жана санариптештирүүнү киргизүүбүз керек.

Биз кен байлыктарга ээ болуу уникалдуу жана инвесторлор биздин кенди өздөштүрүүнү баштоо үчүн кезекте турушат деп өзүбүздү алдабашыбыз керек. Бул такыр андай эмес. Чындыгында таптакыр андай эмес. Дүйнөдө жер казынасына бай көптөгөн өлкөлөр бар жана алардын бардыгы олуттуу жана жоопкерчиликтүү инвесторлор үчүн күрөшүүдө биздин атаандаштарыбыз. Акыркысы дүйнө жүзү боюнча өзүнүн ишинин чөйрөсүн кылдаттык менен изилдеп жатышат. Аларды кызыктырган өлкөлөрдүн саясий ашканасын, салык режимдерин, кылмыштуулуктун абалын, жалпысынан потенциалдуу кардарлардын жашоосунун бардык спектрин жакшы билишет. Көрүнүктүү инвестор чочулайт жана этияттайт. Биздин милдетибиз көптөгөн атаандаштар менен инвестициялар рыногунда алар үчүн талыкпай жана жогорку кесипкөй күрөшүү. Ошондуктан бул сапарда биздин ири эл аралык ишкер коомдоштукка Центерра менен түзүлгөн дүйнөлүк келишимдин жыйынтыктарын жана Кыргызстандын Президентинин жана жетекчилигинин өлкөнүн өнүгүүсүнүн жана инвестициялык ачыктыгынын жаңы көз карашын түшүндүрүү абдан маанилүү болду.

Сапардын жүрүшүндө Мамлекеттик министр Нусрат Гани айымдын жана Кыргызстан менен Улуу Британиянын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусу менен Кыргыз-Британ Ишкерлер Кеңеши түзүлү жана биринчи жыйналышын өткөрдү. Бул биздин жана британиялык бизнестин туруктуу негизде жолугушуусуна жана өз ара аракеттенүүсүнө аянтча боло алат.

Климаттык өзгөрүү шарттарында суу маселеси биз үчүн маанилүү болуп калууда. Улуу Британиядагы өнөктөштөр сугат суусун сарамжалдуу пайдалануу, ирригациянын натыйжалуулугун жогорулатуу, КРда ирригациялык инфраструктураны түзүү ылдамдыгын жогорулатуу маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтөт. ЕРӨБ менен Кыргыз Республикасын электр менен жабдууну санариптештирүү (акылдуу эсептегичтер), Базар-Коргон шаары боюнча суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо жана айланма автожолун (Балбай-Баатыр – Каракол) реконструкциялоо жөнүндө маанилүү келишимдерге кол коюлду.

Балким биздин бардык жолугушууларыбыздын жана өз ара түшүнүшүүбүздүн толук тизмесин берүүнүн зарылдыгы жок. Тармактык министрликтер, бизнес-чөйрө өзү үчүн тыянактарды чыгарды. Кошумчалай кетсем, мындан ары кыргыз алтыны Лондон биржасында дүйнөлүк баада сатылат.

Кыргыз жетекчилигинин Улуу Британияга жасаган бул биринчи сапарынын кыскача жыйынтыктарын чыгаруу менен эки тараптуу мамилелердин бардык мезгилинде биз Кыргызстандын дүйнөлүк финансы рыногуна чыгуусу жөнүндө чечкиндүүлүк менен айта алабыз. Кыргызстандын эл аралык экономикалык мамилелерин диверсификациялоону ийгиликтүү баштоосу – биздин экономикалык долбоорлорду каржылоонун альтернативдүү багыттарын жана булактарын издөө жөнүндө. Өлкөнүн узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүсүндө жаңы артыкчылыктын жана улуттук бакубатчылыктын булагын ачууну – биздин жер казынабыз канчалык бай болсо да, маанилүү минералдарды натыйжалуу пайдалануу стратегиясын иштеп чыгууну белгилейбиз.

Улуу Британия Кыргызстан үчүн маанилүү дүйнөлүк финансы борбору болууда жана эки өлкөнүн кызматташуу потенциалы али түгөнө элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15121