Сотторго 92 млн сомго сатып алынган унаалар тапшырылды
RU

Сотторго 92 млн сомго сатып алынган унаалар тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментине 47 унаа салтанаттуу тапшырылды. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков катышты.

Анда Акылбек Жапаров сот аткаруучулар үчүн унаалар биринчи жолу сатылып алынганын белгиледи.

"Бул автоунаалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен 92,1 млн сомго сатып алганын белгилей кетейин. Президенттин жана министрлер кабинетинин атынан сиздерди жаңы техникага ээ болушуңуздар менен куттуктайм.

Сот системасы – жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга милдеттүү болгон бийликтин өзүнчө бутагы. Кыргызстанда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан сот системасына бөлүнгөн каражат жылдан жылга көбөйүүдө. Соттук отурумдарга сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүчү заманбап технологиялар киргизилүүдө, санариптештирүүнүн алкагында соттук отурумдарды аудио-видео жазуу жана эсепке алуу системасы киргизилген. 157 сот залына атайын аппараттар орнотулуп, айлык акы көтөрүлдү", – деди Акылбек Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15184