Балбан Жоламан Шаршенбеков туу боюнча пикири тууралуу билдирүү кылды
RU

Балбан Жоламан Шаршенбеков туу боюнча пикири тууралуу билдирүү кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балбан Жоламан Шаршенбеков туу боюнча пикири тууралуу билдирүү кылып, ар бир жаран өз оюн айтканга укугу бар экенин белгиледи.

"Арыбаңыздар! Урматтуу Кыргыз элим! Ар бир жаран өз оюн айтканга укугу бар.Бирок ошол эле учурда кээ бир адамдар менин жеке пикиримди, оюмду бурмалап жаткандыгы өкүнүчтүү. Мен профессионалдык спорт менен гана алекмин, эч кандай саясий иштерге аралашпайм. Ар дайым Кыргызстандын Туусун дүйнө жүзүнө таанытууга болгон күчүмдү жумшаймын! Кыргызстандын желеги желбирей берсин!", - деди балбан.

Эске салсак, балбан буга чейин Kaktus редакциясына желек боюнча жеке пикирин билдирген. Буга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков нааразычылык билдирип, мамлекеттин сыйын көрүп, колдоосун алып, бирок саясатка мурдун тыгып бузукулук кылгандар ойлонуп кадам таштаңыздар деп жазган.

Айрым мамлекеттик кызмат жетекчилери нааразы болгону менен элдин дээрлик бардыгы "Жоламандан колуңарды тарткыла", "Жоламан элдин үнү" деп колдоо көрсөтүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15210