Камчыбек Ташиев Сузак милициясына 12 унаанын ачкычын тапшырды. Сүрөт
RU

Камчыбек Ташиев Сузак милициясына 12 унаанын ачкычын тапшырды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак райондук милициясына 12 жаңы унаа тапшырды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБден маалымдашты.

Кызматтык унаалар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык тартип сакчыларына алынганын Камчыбек Ташиев өз сөзүндө баса белгиледи.

"Бул унаалар президентиибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана жаңылоо аракеттеринин алкагында алынды. 2024-жыл ичинде Сузак райондук милиция бөлүмүнө жаңы имарат курулат. Тартип сакчыларынын айлык маяналары жогорулатылат жана башка кызматтык керектөөлөрүн камсыз кылуу аракеттери күчөтүлөт. Ошол эле учурда Ички иштер органдарындагы мыйзамсыз аракеттерге, коррупцияга каршы күрөшүү жагы дагы күчөтүлөт. Мекенге таза, татыктуу кызмат кылыңыздар. Мамлекеттик органдарда Кыргызстаныбызды чын дилинен сүйгөн адамдар гана иштеши керек!", - деди Камчыбек Ташиев.

Унааларлы тапшыруу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана Сузак РИИБдин өздүк курамы, ИИМдин ардагерлери катышты. Унаалар райондогу аймактык милиция бөлүмчөлөрүнө бөлүштүрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15243